Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Баяндама: Орусия техникасын жоготууда, согушту улантууга дарамети бар


Орусия Украинадагы согушта көптөгөн аскердик техникасын жоготкону, резерви жетишсиз экени Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун баяндамасында айтылат.

14-апрелде жарыяланган баяндамада Орусиянын курал өндүрүү мүмкүнчүлүгү Батыш салган санкциялардын шартында өтө чектелүү экени белгиленген.

Баяндамада Орусия жоготкон техника жана куралдар 10 миңге жакын экенин, айрыкча олуттуу жоготуу танктарга туура келери айтылат.

"Ар кандай эсептөөлөргө караганда, Москва 1845тен 3511ге чейин танк жоготкон", - дешет баяндаманын авторлору.

Орусиянын танк өндүрүүчүсү Уралвагонзавод айына 20 танк чыгарса, Орусия согуш талаасында айына орто эсеп менен 150 танк жоготот. Натыйжада ондогон жылдар бою сакталып турган танктарды колдонууга туура келип жатканы айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Орусия Украинага караганда техникалык артыкчылыкты сактап турганы, согушту улантууга жөндөмдүү экени белгиленген. Авторлор бул айырманы Батыштын заманбап куралдарын Украинага берүүнү улантуу менен гана жабуу мүмкүндүгүн билдиришкен.

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 325 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы пакети берилерин шаршембиде билдирген.

XS
SM
MD
LG