Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Эдил Байсалов жол кырсыгынан жабыркаган балдардан кабар алды


Авто кырсыкка кабылып, ооруканага түшкөн балдар. №3 балдар бейтапканасы. Бишкек. 20-апрель, 2023-жыл.
Авто кырсыкка кабылып, ооруканага түшкөн балдар. №3 балдар бейтапканасы. Бишкек. 20-апрель, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте жол кырсыгында жаракат алып, ооруканада жаткан балдардын абалын көрдү. Бул тууралуу шаардык №3 балдар бейтапканасына барган “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жабыр тарткан окуучуларга мүмкүн болгон жардамдын баары көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Ооруканага кырсыкта жабыркаган 20 бала түшсө, анын төртөө реанимацияда жаткырылды. Алардын абалы оор экени айтылды.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот. Айдоочу №4 травматология ооруканага жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" саат 11:15те түшкөнүн кабарлады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары болгон. Министрлик аталган мектептин директору Рахат Мырзабековага таянып автобус мектептин балдарды ташыган транспорту экенин кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG