Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Бажы кызматы: үч айда аткезчиликке байланыштуу 1200 факт катталды


Бажы кызматы.
Бажы кызматы.

Бажы кызматы 20-апрелде быйылкы жылдын алгачкы үч айында жасалган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, биринчи кварталда бажы төлөмдөрү 20,7 миллиард сомду түзүп, белгиленген план 105% аткарылды. Аткезчиликке байланыштуу 1200 факт катталды жана анын негизинде 1123 кылмыш иши козголуп, 8,2 милилон сом айып пул салынды.

"Укук бузуулар жөнүндө иштер жана алдын алуу иш-чараларына ылайык төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 72,2 млн. сомду түзгөн. Отчёттук мезгилде бажы кылмыштары боюнча 77 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген жана анда 66,1 млн сомдук зыяндын орду толтурулган. Биринчи кварталда бюджетке кошумча кирешелердин жалпы суммасы 146,6 млн сомду түздү",-деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин былтыр жыл аягындагы баяндамасына ылайык, бажы төлөмдөрү 2022-жыл 24 миллиард сомго аз аткарылган.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылдын консолидацияланган бюджетин 503,4 млрд. сом болот деп бекиткен. Бул ушул жылдын бюджетинен 99 млрд. сомго көп. 2023-жылдын расмий белгиленген бюджеттик тартыштыгы 21 млрд. сомдон ашары болжолдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG