Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Bloomberg: Индия Орусиядан курал сатып алууну токтотту


Индиянын куралдуу күчтөрүндөгү Су-30 истребителдери.
Индиянын куралдуу күчтөрүндөгү Су-30 истребителдери.

Bloomberg агенттиги индиялык аткаминерлерге шилтеме берип каражатты төлөөнүн ыкмасы боюнча макулдаша албагандыктан Индия Орусиядан курал-жарак сатып алууну токтотконун жазды.

Маалымат боюнча, расмий Нью-Дели орусиялык курал-жарактарды доллар менен сатып алуудан баш тартып, муну Индия экинчи даражадагы санкцияларга илинип калышы мүмкүн экени менен түшүндүргөн.

Сөз 2 миллиард долларлык келишим жана 10 миллиард долларлык Орусиянын насыясы тууралуу болуп жатат. Бул каражатка Индия С-400 ракеталык комплексинин эки бирдигин жана бөлүктөрүн сатып алууга жумшашы керек. Bloomberg келишим токтотулганына дээрлик бир жыл болгонун билдирди.

Соодалашууну башка валюта менен жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Москва Индиянын валютасы рупий туруксуз экенин жүйө кылып, куралды бул валюта менен сатуудан баш тарткан. Индия ашыкча чыгым болорун билдирип, рубль менен келишим түзбөй келет.

Тетиктердин жетишсиздиги 250дөн ашык СУ-30 истребители, 1200дөн ашык Т-90 танктары бар Индияга бир катар көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG