Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Кыргызстанда жашоо минимуму 7501 сом деп эсептелди


Бишкектеги Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2023-жылдын биринчи кварталында (январь, февраль, март) кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 7501 сом 97 тыйынды түздү.

Маалыматка ылайык, жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8363 сом, пенсия курагындагыларга 6650 сом, балдар үчүн 6415 сом деп эсептелди.

2022-жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 6813 сом болгон.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. Ал квартал сайын эсептелип турат.

Конституциянын 44-беренеси боюнча, “пенсия, социалдык жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек”.

Конституциялык сот 19-апрелде Баш мыйзамдагы бул беренени “мамлекет милдеттүү түрдө аткарбайт, ал максат” деп чечмеледи.

Министрлер кабинети февраль айында Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Өкмөттүн өтүнүчүн Жогорку Кеңеште айрым депутаттар сындап, Баш мыйзамды аткарбай жатканы үчүн Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылгандар болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG