Дүйнө жүзүндө аскердик чыгым көрсөткүчү 2022-жылы 3,7% жогорулап, 2,24 триллион долларга жеткенин Тынчтык көйгөйлөрүн изилдөөчү эл аралык Стокгольм институту (SIPRI) билдирди. Уюмдун 24-апрелде жарыяланган жаңы баяндамасында “кансыз согуш” маалынан бери алгачкы жолу жылдык көрсөткүчтүн жогорулашы Борбордук жана Батыш Европа өлкөлөрүндө катталганы, Украина Орусиянын кол салуусунан коргонуу үчүн аскердик чыгашасын болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткиргени айтылды.
Баяндамада белгиленгендей, дүйнөдөгү аскердик чыгашанын 56% АКШга, Орусияга жана Кытайга таандык болууда, бул өлкөлөр аскердик багытка көп каражат коротууну дагы эле улантып жатышат.
Уюмдун пикиринде, Украинага жөнөтүлүп жаткан аскердик жардам жана Орусиянын коркунучу көптөгөн өлкөлөр аскердик дареметин бекемдөөсүнө түрткү болууда.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Кремль муну атайын аскердик операция деп атоодо. (RK)