Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 24-апрелде Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталганын билдирди. Ага ылайык, бул иштер 28-апрелге чейин уланат жана маал-маалы машиналардын каттамына чектөө киргизилип турат.
"Күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа кыймылы маал-маалы чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүүдө. 30-40тан ашык машина топтолгондо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилип жатат. Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда", -деп жазылган маалыматта.
Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштырган негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт.
Дагы караңыз