Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

"Акыркы коңгуроо" үчүн акча чогултууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салттуу "Акыркы коңгуроо" майрамы 25-майга белгиленди. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин буйругу менен бул күндү майрамдоого акча чогултууга тыюу салынды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктардын башчылары, райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине ата-энелер менен жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети жүктөлдү. Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жоопкерчиликке тартылары эскертилди.

Жыл сайын Кыргызстанда тогузунчу жана он биринчи классты 150 миңдей улан-кыз аяктайт.

Өлкөдө 2021-жылы жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда башталгандыктан, былтыр "Акыркы коңгуроо" салтанаты 9-июнда өткөн. Кийин Билим берүү жана илим министрлиги былтыр окуу жылын мурдагыдай 1-сентябрда баштап, 25-майда жыйынтыктоону чечкен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG