Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

"Бир дүйнө Кыргызстан" тасмаларга көзөмөл боюнча соттук териштирүү уланарын билдирди


Бишкек соту шаардын Административдик сотунун “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын доо арызын кабыл алуудан баш тарткан чечимин күчүндө калтырды. Уюмдан “Азаттыкка” кабарлашкандай, мындай чечим Административдик сотто 23-майда кабыл алынды.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму Административдик сотко быйыл 15-апрелде кайрылып, өкмөттү аудиовизуалдык чыгармаларды цензуралоого багытталган чечимдерди кабыл албоого милдеттендирүүнү өтүнгөн.

Өкмөт сунуштап жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынса, уюм билдиргендей, Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө сунушталуучу аудиовизуалдык чыгармалар сөзсүз түрдө «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборунун көзөмөлүнөн өтүп, “прокат күбөлүгүн” алууга милдеттүү болот. Бул, өз кезегинде, укук коргоочулардын пикиринде, “фильмди көрсөтүүнү уюштуруучулардын өз оюн, пикирин жана ишенимдерин чектөөсүз билдирүүгө, жайылтууга болгон укугун чектейт”.

“Демократиялык эркин коомдо цензура кылуучу мамлекеттик орган болбошу керек. Биз жарандардын сөз эркиндигине жана оюн эркин билдирүүгө болгон конституциялык укугун коргоо боюнча соттук териштирүүлөрүбүздү улантабыз”, - деп айтылды “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун билдирүүсүндө.

Өкмөттүн “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому 2016-жылы кабыл алынган.

“Бир дүйнө Кыргызстан” жыл сайын адам укугун, анын ичинде азчылыктардын укугун коргоо, түрдүү себептерден улам кордолгон, мамлекеттен коргоо жана жардам ала албай жүргөн адамдардын тагдыры тууралуу тасмалардын фестивалын уюштуруп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG