Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Бишкек мэриясы үй шартында бала бакча иштеткендерге колдоо көрсөтүлөрүн маалымдады


Вице-мэр Виктория Мозгачева сертификат алган катышуучулар менен көчмө жыйын өткөрдү.
Вице-мэр Виктория Мозгачева сертификат алган катышуучулар менен көчмө жыйын өткөрдү.

Бишкекте үй шартында менчик бала бакча ачып иштетүүнү каалагандарга шарт түзүлүп жатканын бүгүн 24-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, «Өкмөттүк акселераторлор» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева окуудан өтүп, сертификат алган катышуучулар менен көчмө жыйын өткөрдү.

“Долбоордун максаты – мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу. Жолугушуунун катышуучуларына үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу үчүн шарт түзүү боюнча мындан аркы иш алгоритми тууралуу айтылды”, - деп билдирди мэрия.

Бишкекте менчик бала бакча ачып, иштетүүнү көздөгөн ишкер аялдар үчүн атайын окутуу уюштурулуп жатканы буга чейин маалымдалган.

Үй шартында бала бакча уюштурууну каалаган аялдарды саламаттык сактоо, өрт коопсуздугу, мектепке чейинки билим берүү багыттары боюнча атайын даярдыктан өткөн тренерлер окутушкан. Окуу аяктагандан кийин аларга үй шартында бала бакча ачып, иштетүүгө укук берүүчү сертификат тапшырылары айтылган.

Мэрия белгилегендей, бул долбоор алкагында уруксат кагазы жок бала бакча иштетип жаткандарга ишин мыйзамдаштырууга шарт түзүлөт.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жана ири шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Мамлекет жыл сайын жаңы бакчаларды ачууга аракет кылууда, бирок алар маселени толук чече элек. Мектепке чейинки курактагы ар бир төрт баланын биринде гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү бар экени буга чейин айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG