Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Кыргызстанда бөгөт чаранын түрү катары электрондук билерик колдонуу сунушталууда


Парламенттин тармактык комитетинин 30-майдагы жыйынында юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Министрдин орун басары долбоордо кылмышка шектүүгө бөгөт чаранын түрү катары бутуна электрондук билерик тагып, көзөмөлдөө сунушу камтылганын айтты.

“Мыйзам боюнча үй камагы, сыртка чыкпоо тил каты, күрөө жана камакка алуу бөгөт чаралары бар. Ошого кошумча электрондук көзөмөлдөөнү сунуштап жатабыз. Соттун чечими менен абакта эмес, электрондук билерик киргизүү менен эркиндикте көзөмөлдөйбүз”, - деди Зарылбек уулу.

Анын айтымында, электрондук билерик шектүүнүн бутуна тагылат. Анын кайсы аймакта жүрө турганын сот чечет. Сот көрсөткөн аймактан чыгып кеткен учурда маалымат борборуна белги берилет. Шектүү белгиленген аймактан чыкканы үчүн кошумча жазага тартылат.

Демилгечилер ттергөө учурунда абакта кармалгандар көбөйүп кеткендиктен, бул бөгөт чара анча оор эмес кылмыш кылгандарга колдонуларын билдирди.

Учурда кандайдыр бир кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасы Кылмыш жаза процессуалдык кодексине ылайык ишке ашат. Шектүүнүн убактылуу эркиндигин чектөө укугу тергөөчү, прокурор, тергөө судьясына берилген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG