Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Шавкат Мирзиёев президенттикке талапкер катары бекитилди


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Ишкерлер кыймылы менен Либерал-демократиялык партия 30-майдагы съездинде Өзбекстандын азыркы мамлекеттик башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик администрацияга жакын "Источник" Телеграм-каналы билдиргендей, президент шайлоо алдындагы программасында өнөр жайдагы “мегадолбоорлор”, Улуттук социалдык камсыздоо агенттигин түзүү, автоунааларды чыгарууну көбөйтүү жөнүндө айткан.

Мыйзамга ылайык, Либерал-демократиялык партия президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёевди каттоо өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууда.

8-майда Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол коюп, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону 9-июлга белгилеген.

Өзбекстанда 30-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу референдум өткөн. Анда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болгон.

Референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген.

XS
SM
MD
LG