2-июнга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Талас аймагында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 28…30 градус жылуу болот.