Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Аба ырайы: күн 40 градуска чейин ысыйт


Чолпон-Ата шаары.
Чолпон-Ата шаары.

Кыргызгидромет борбору 7-9-июнь күндөрү Кыргызстанда аномалдуу ысык болорун билдирди. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө бул күндөрү 35…40° чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин жетет.

Абанын температурасы 7-июнда:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 18…20°, күндүзгү температурасы 35…37° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG