Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Ысык-Атада эки милиция кызматкери шектүүнү качырган деп айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери убактылуу кармоочу жайда жаткан шектүүнү качырып жиберген деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 6-июнда кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 5-июнга караган түнү, саат бирден өткөндө Ысык-Ата милициясынын нөөмөтчү-милиционери (Ж.Т.К.) жана дагы бир кызматкер (Д.Б.К.) кызмат абалынан пайдаланып, шектүүнүн качып кетишине көмөктөшкөн. Ысык-Ата районунун прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Адам уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган адамдын иши райондук сотто каралып жаткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан 29 жаштагы Кушубек Сабыров качып кеткенин билдирген. Милиция кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып, нөөмөтчү-милиция кызматкерлерине кайрылып, жардам сураганын, милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып киргенин маалымдаган.

Сабыров жүрөгү ооруганын айтып дары сурап, дары алып келген милиция кызматкерине бычак такаганы, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткени айтылган.

Кармалган милиция кызматкерлеринин адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG