Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Херсон: 600 чарчы километр аянт суу астында калды


Херсон, Украина. 7-июнь, 2023-жыл
Херсон, Украина. 7-июнь, 2023-жыл

Украинанын чукул кырдаал кызматтары Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан кийин суу каптаган аймактарда калган миңдеген кишини куткаруу аракеттерин улантууда.

Куткаруучулардын ишине орус аскерлеринин Днепр дарыясынын сол жээгин аткылоосу жана миналар коркунчу кыйындатып жатат.

Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин бейшемби күнү Telegram каналынан билдиргендей, эртең менен суунун орточо деңгээли 5,5 метрден ашты. Аймактын 600 чарчы километр аянты суу астында калды. Жетекчи 8-июндун таңына карай кооптуу аймактардан дээрлик 2000 адам чыгарылганын билдирди.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн суткада кызматкерлери суу каптаган аймактардан 300дөн ашык адамды, анын ичинде 70 баланы эвакуациялашканын маалымдады. Буга чейин оккупациялык бийликтер сол жээктен жалпысынан 4000 адам көчүрүлгөнүн билдирген.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Кахов ГЭСинин дамбасы кыйрагандан кийин суу каптаган аймактарында дарыянын деңгээли мурункуга караганда жайырак көтөрүлүп жатат. Днепрдин эки жээгинде 50дөн ашык калктуу пункт толугу менен же жарым-жартылай суу астында калган.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Киев менен Москвага буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украин бийлиги дамбанын бузулушун иликтөө өтүнүчү менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды.

Орусия ачкан согушта Украинаны колдогон Батыштын көптөгөн лидерлери ГЭСтин кыйрашы үчүн Москваны күнөөлөштү. НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг бул окуяны “Орусиянын Украинадагы согушунун ырайымсыздыгын дагы бир жолу көрсөткөн чектен чыккан жорук” деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG