Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Британия беларус бийлигине каршы санкциялардын жаңы пакетин жарыялады


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Бейшемби күнү Британия былтыр Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканда "жигердүү жардам бергени" үчүн беларус бийлигине каршы санкциялардын жаңы пакетин киргизди. Атап айтканда, импортко тыюу салуу жана интернетте пропаганданын жайылышын алдын алуу чаралары каралууда, - деп жазды Reuters генттиги.

Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли: "Жаңы пакет Украинанын аймактык бүтүндүк принцибин сактабай, согушта Орусиянын аракеттерине жигердүү жардам берип келаткан Александр Лукашенкого жана анын режимине экономикалык басымды күчөтөт", - деп билдирди.

Санкцияларга ылайык, Беларустан алтын, цемент, жыгач жана каучукту алып чыгууга тыюу салынат жана Британиядан ал өлкөгө банкнотторду, өнөр жай жабдууларын, химиялык жана биологиялык куралды жасоого колдонууга мүмкүн болгон товарларды, технологияларды жана материалдарды экспорттоого бөгөт коюлат.

Ал эми Беларустун айрым ресурстарынын пропагандасына туруштук берүү максатында социалдык тармактар жаатындагы компаниялар жана интернет провайдерлери аркылуу ошол веб-сайттарга кирүүнү чектөө каралууда.

Беларус Украинага каршы согушунда Москвага жардам берип келгени менен согуштук аракеттерге түздөн-түз катышпайт. Ал өлкөдө орусиялык контингент жана аскердик авиация жайгаштырылган.

25-майда Москва менен Минскинин өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча документке кол коюшкан. Аны сактоо үчүн кампа 1-июлга чейин курулуп бүтүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG