Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Санарип өнүктүрүү министрлиги “Мекен-картты” бере баштады


Исанбек кызы жана Талантбек Иманов.
Исанбек кызы жана Талантбек Иманов.

12-июнда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу 13-мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG