Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:52

Салык кызматынын лотереясынын финалдык бөлүгү 1-июлда өтөт


Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын веб-сайты. 30-июнь, 2023-жыл.
Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын веб-сайты. 30-июнь, 2023-жыл.

1-июль күнү Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын башкы байгелери ойнотулат. Иш-чара Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана башка расмий жетекчилердин катышуусунда өтөт.

Салык кызматынан билдиргендей, ал күнү 10 электромобил жана чет өлкөгө үч жолдомо ойнотулат. Ошондой эле, оюнга аянттагы көрүүчүлөр үчүн кошумча 15 смартфон да коюлган.

Салык кызматы 26-июндан бери күн сайын түз эфирде жеңүүчүлөрдү аныктап келет. Буга чейин iPhone 14, смартфон, ноутбук жана Dyson фендери ойнотулду.

“Салык чек” сайтындагы маалыматка ылайык, ушул маалга карай лотереяга 237 миң 341 катышуучу катталган. Каттоодо 6 млн. 29 миң 756 билет турат, бир билеттин баасы 1000 сомду түзөт. Сканерленген чектердин жалпы суммасы 6 млрд. 519 млн. 411 миң сомдон ашуун.

2022-жылдын январында жаңы Салык кодекси кабыл алынган. Салык кызматы ишкердик чөйрөдө көзөмөл-кассалык жабдыктарын колдонууну жайылтуу үчүн 10-майда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын ойното баштаган. 2022-жылы лотерея 1-июлда, 1-октябрда жана 30-декабрда үч жолу ойнотулган. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG