Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

Орусиянын "Шторм Z" жалданма отрядынын жоочулары кайрылуу жасашты


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиялык "Шторм Z" отрядынын жоочулары видеокайрылуу жаздырып, адам чыдагыс шарттарга даттанышты. "Осторожно, новости" каналы тараткан тасма бетон дубал менен капталган жертөлөдө тартылган.

Жоочулардын ырасташынча, 25 киши жарааты айыга электе ооруканадан чыгарылып, жертөлөгө жайгаштырылган. Алар шарттын начардыгына, бир же эки күндө гана дааратканага уруксат берилерине, дары-дармек жоктугуна, жакындары менен байланышуу мүмкүн эместигине даттанышкан. Айрымдары денесиндеги көгала тактарды көрсөткөн.

Видео тараткандар 72-мотоаткычтар бригадасынын аскерлери аларды кордогонун да кошумчалаган.

Согуш маалында бул видеонун аныктыгын текшерүү мүмкүн эмес.

"Шторм Z" - Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги орус түрмөлөрүнөн жалдагандардан түзүлгөн отряд. Болжол менен алар Украинанын Луганск облусунда жайгашкан. Буга чейин отряддын жоочулары тобу менен качып кеткени тууралуу да маалымат тараган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG