Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Ала-Арча капчыгайында дайынсыз кеткен турист изделип жатат


ӨКМдин "Эдельвейс" куткаруу отрядынын куткаруучулары Ала-Арча капчыгайында. 20-июль, 2023-жыл.
ӨКМдин "Эдельвейс" куткаруу отрядынын куткаруучулары Ала-Арча капчыгайында. 20-июль, 2023-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, чет өлкөлүк турист 14-июлдан бери байланышка чыккан эмес. Жакындары ал Семенов - Тянь-Шань чокусуна чыгып кеткенин айтышкан.

19-июль күнү министрликтин "Эдельвейс" куткаруу отрядынын алты мүчөсү туристти издөөгө кеткен.

"Алар түндө Ала-Арча капчыгайына түнөп, издөө иштерин таң эрте башташты", - деп маалымдады мекеме.

Азырынча жыйынтык жок.

Кыргызстанга эс алууга же бийик чокуларды багындырууга келген чет өлкөлүк туристтердин жана альпинисттердин өлүмү катталып турат. Адистер өлкөдө тоо туризми жанданганы менен, коопсуздукту камсыздоо шарты жетишсиздигин айтып келишет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG