Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Мусулман өлкөлөрүндө Швецияга каршы нааразылык акциялары өттү


Демонстранттар Швециянын Багдаддагы элчилигине кирип барууга аракет кылып жатышат. 20-июль, 2023-жыл. Ирак.
Демонстранттар Швециянын Багдаддагы элчилигине кирип барууга аракет кылып жатышат. 20-июль, 2023-жыл. Ирак.

21-июлда Иран, Ирак, Ливандын баш калааларында Швецияда Курандын тебеленишине каршы нааразылык митингдерине миңдеген адам чыкты.

20-июлда "Хезболлах" радикал тобунун башчысы араб өлкөлөрүн жана ислам мамлекеттерин Швеция менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырган.

Ошол эле күнү Ирактын баш калаасы Багдадда жүздөгөн жаалданган адамдар Швециянын элчилигине кирип барып, өрттөп жиберген. Ирак полициясы аларды суу чачып, электрошокерлерди колдонуу менен таркатууга аракет кылды.

Толкундоонун тутанышына 20-июлда Стокгольмдо полициянын уруксаты менен өзүн атеист деп атаган ирактык жарандын Ирактын элчилигинин алдында Куранды тебелеп, өрттөгөнгө аракет кылганы себеп болгон.

Буга чейин 28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Анда дагы Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана башка мусулман өлкөлөрү окуяны айыптап, нааразылык акцияларын өткөргөн.

Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырган.

53-сессияда кабыл алынган резолюцияда "Адам укуктары боюнча кеңеш диний жек көрүүчүлүктү пропагандалоону жана көрсөтүүнү, анын ичинде Ыйык Куранга атайылап коом алдында шек келтирүүнү кескин түрдө айыптайт жана күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопко тартуу зарыл экенин белгилейт" деп жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG