Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Белгород: Гладков Киевди кассеталык ок-дары колдонууга айыптады


Белгороддогу аткыланды деген жер.
Белгороддогу аткыланды деген жер.

Орусиянын Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков Уразово кыштагы аткыланганын, Украинанын армиясы кассеталык ок-дары колдонгонун билдирди. Ал Телеграм-каналына алты адам жараат алып, жеке курулуш, дүкөн жана бир канча үй менен машина жабыркаганын жазды.

Согуш маалында бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Киев дооматтарга комментарий бере элек.

Гладков Белгороддогу Шебекин районунда абадан коргоочу системалар иштегенин, учак тибиндеги дрон жок кылынганын кошумчалады. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жараат алгандар, кыйроо болбогонун белгиледи.

Өткөн айда АКШ Украинага аскердик жардам жөнөткөн жана анда биринчи жолу кассеталык ок-дарылар болгон. Пентагон мындай ок-дарыны Украинага жеткиргени, бирок согушта колдонула электиги айтылган.

Вашингтондун бир катар өнөктөштөрү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыккан.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Украинага кассеталык ок-дары берилсе, орус армиясы дагы мындай бомбаларды колдоно баштай турганын эскерткен. Ал муну "аргасыз чара" жана Киевге "жооп" катары сыпаттап, ушул кезде Москва "кассеталык ок-дарыны колдонуудан карманып келе жатканын" айткан.

Киев Орусия согуш баштагандан бери бир канча жолу кассеталык бомба колдонгонун билдирип келет. Москва болсо дооматты такай четке кагат.

Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.

Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG