Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Киев тынымсыз аткылоого кабылды, бери дегенде эки адам мерт болду


Түнкү чабуулда бери дегенде эки адам набыт болуп, дагы эки тургун жараат алды.
Түнкү чабуулда бери дегенде эки адам набыт болуп, дагы эки тургун жараат алды.

Орусиянын армиясы 30-августка караган түнү Киевди тынымсыз аткылады. Облустук аскердик администрация мындай чабуул жаз айынан бери болбогонун, орус армиясы дрондор жана ракеталар менен бир убакта аткылаганын билдирди.

Түнкү чабуулда бери дегенде эки адам набыт болуп, дагы эки тургун жараат алды. Ракеталардын жана дрондордун сыныгы кулап, шаардагы Дарницкий жана Шевченко райондорунда өрт чыкты.

Шаршембиге караган түнү Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү берилди. Одесса менен Кривой Рогдо дагы жардыруулар болгону кабарланды. Одесса облусунун башчысы Олег Кипр абадан коргоо системалары иштегенин билдирди.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес. Мосва чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG