Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 29-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 20…22 градус болот.
Дагы караңыз