Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Ноокат районунда дагы тынч жыйындарга чогулууга тыюу салынды


Ноокат Ош облусунда митинг, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салган үчүнчү район болуп калды.
Ноокат Ош облусунда митинг, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салган үчүнчү район болуп калды.

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда дагы митингдерге, тынч жыйындарга чогулууга соттун чечими менен эки айга тыюу салынды. Сотко райондук ички иштер бөлүмү кайрылган жана арыз канааттандырылган.

Облустук соттун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, чечимге ылайык, 7-сентябрдан 7-ноябрга чейин аталган райондо расмий маданий иш-чараларды эске албаганда акимчиликте, райондун борборунда, шаардык маданият үйүнүн, айыл өкмөттөрдүн алдында жана спорттук жайларда чогулууга болбойт.

Мунун алдында Чоң-Алай районунда дагы коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган. Мындай өтүнүчтү райондук милиция сотко берип, ал канааттандырылган. Милиция муну коопсуздукту сактоо максаты катары түшүндүрдү. Ошол эле маалда чектөөнүн мөөнөтүн тактай элек.

26-сентябрда Өзгөндө абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген эмес. Саясатчынын отуздан ашуун тарапташы Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулган. Милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды тараткан.

Милиция бул чечимине 29-сентябрда түшүндүрмө берип, Өзгөндө митингдерге жана тынч акцияларга чогулууга тыюу салган чечимди Ош облустук соту 12-сентябрда чыгарганын маалымдаган. Сотко мындай өтүнүчтү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү 8-сентябрда бергени кабарланып, чектөө 8-ноябрга чейин деп белгиленген.

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Өзгөн районундагы митинг, акцияларды чектөө боюнча "Азаттыка" маалымат берип жатып, милиция башаламандык уюштурууга шектүү адамдар бар экенин билдиргенин айткан. Чечим мыйзамдуу экенин кошумчалаган.

29-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жергиликтүү бийликтин борбордо митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтүн үч айга узарткан. Баш калаадагы чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөт улам үч айга узартылып жатат.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Орусиянын, Украинанын, АКШнын элчиликтеринин алдында жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге да чогулууга тыюу салынган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Горький атындагы бакчага чогулса болот. Бир катар укук коргоочулар митингдерге тыюу салынышын сындап чыгышкан. (DSh)

XS
SM
MD
LG