Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Төө-Ашууда жүк ташыган машиналарга киргизилген чектөө алынды


"Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.
"Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.

Бишкек - Ош кан жолунун 81-чакырымында (Сосновка - Төө-Ашуу) жүк ташыган машиналардын каттамына киргизилген чектөө алынды.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы жол тазаланып, инерттик материалдар себилгенин билдирди. Буга чейин аталган ишкана кырсыктардын алдын алып, жолдогу тыгынга себеп болбошу үчүн ашуу ашкан айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга ооштуруп алып жолго чыгууга чакырган.

Буга чейин "Кыргызавтожол" Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда каттамга чектөө жоктугун, жолчулардын күзөтү уюштурулганын кабарлаган.

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда суу кар жааганын, ал жакта дагы күзөт уюштурулганын билдирген.

Бишкек - Ош жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жааган. Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болгонун маалымдаган. Учурда жолдор ачык, каттамга чектөө жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG