Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:20

Азия оюндары: парадзюдочу Хайитхон алтын медал алды


Хайитхон Хусан кызы сыйлоо аземинен кийин. Ханчжоу шаары. 23-октябрь, 2023-жыл.
Хайитхон Хусан кызы сыйлоо аземинен кийин. Ханчжоу шаары. 23-октябрь, 2023-жыл.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азиянын параоюндарында Хайитхон Хусан кызы Дзюдодон алтын медалга ээ болду. Хайитхон 12 жашында кызылча оорусуна чалдыгып, көзү жакшы көрбөй калган. Ал Азиянын параоюндарынан алтын медал уткан алгачкы кыргызстандык болду.

Хайитхон Хусан кызы 23-октябрда парадзюдо боюнча 48 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыкты. Жарым финалда индонезиялык Новиа Ларассаттини, финалда жапониялык Хангаи Шизуканы жеңди.

Азиянын параоюндарына жети кыргызстандык дзюдочу катышкан.

"Дзюдо мага абдан жагат. Кичинемден күрөшкөндү жакшы көрөм. Жаш кезимде сууда сүзүүгө аябай кызыгып, машыгып да көрдүм. Бирок чөгүп кетип, ошондон кийин машыкпай калдым (күлүп). Кийин дзюдого келип, машыгып келе жатам. Жетишкен ийгиликтеримдин баарына машыктыруучум себепчи. Буюрса бул жактан кийин пара оюндарына даярданам. Пара оюндарынын алтын медалын алгым келет", - деди Хайитхон мелдештен кийин "Азаттыкка" курган маегинде.

Хайитхон Хусан кызы 29 жашта. Үй-бүлөдө алты бир тууган. 2019-жылы Көзү азиздер федерациясына келип, өз алдынча басканды үйрөнгөн. Ошол жылдан тартып дзюдо менен машыга баштаган.

Ал парадзюдодон бир канча эл аралык ири мелдештердин жеңүүчүсү. Ал Португалияда өткөн парадзюдо боюнча гран-при мелдешинде, Астанада өткөн Азия чемпионатында алтын, Баку, Египет гран-при мелдештеринде коло медалга ээ болгон.

Быйыл Улуу Британияда өткөн көзү азиздердин дүйнөлүк оюндарында да коло медал алган. Токио-2020 пара оюндарына катышкан.

Кыргызстандын парадзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов спортчунун жеңиши көпчүлүктү шыктандырарын айтат:

"Хайитхон Хусан кызы парадзюдо курама командасынын лидери болуп саналат. 2019-жылдан бери парадзюдо федерациясына келип, Канат Илмияновдун кол астында машыгып жатат. Ошондон бери Канат агай аны мелдештерге даярдап келет. Анын Азиянын параоюндарындагы жеңиши - жаркыраган ийгиликтин белгиси. Ал бизди гана эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды шыктандырат", - деди Абай Молдоканов.

Жалалидин Абдувалиев (оңдо) коштоочусу Артём Шапилов менен сыйлоо аземинен кийин. Ханчжоу шаары. 23-октябрь, 2023-жыл.
Жалалидин Абдувалиев (оңдо) коштоочусу Артём Шапилов менен сыйлоо аземинен кийин. Ханчжоу шаары. 23-октябрь, 2023-жыл.

Ушул эле күнү жеңил атлетикадан параспортчу Жалалидин Абдувалиев күмүш медалга ээ болду. Ал 5000 метр аралыкка жарышка чыгып, аны 17 мүнөт 18 секундда чуркап өтүп, экинчи орунду ээлеген.

Учурда Кыргызстан Азиянын параоюндарында бир алтын, бир күмүш медаль менен командалык 18-орунду ээледи. Азиянын параоюндары 20-октябрда башталган. Ага 45 мамлекеттен келген 3026 спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашууда.
Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон 27 спортчу катышып жатат. Оюндар 30-октябрда аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG