Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Орусиянын буудай боюнча чектөөсүнүн таасири Кыргызстанга тийбей турганы белгиленди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын буудай боюнча пландалып жаткан чектөөсү Кыргызстанга таасирин тийгизбей турганын бүгүн 10-ноябрда республиканын Айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда катуу буудайдын көлөмү жылдын аягына чейин жетиштүү жана орус бийлигинин соңку чечими үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү:

“Башкача айтканда, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагындагы келишимдер боюнча Орусиядан Кыргызстанга буудай данын жеткирүү токтогон жок жана чектөө болбойт”.

Министрлик белгилегендей, ЕАЭБ чечимдеринин алкагында ар бир мамлекет экспорттоого жана импорттоого мүмкүн болгон айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү боюнча өндүрүштүн болжолунун, калктын керектөөсүнүн, сунуштардын негизинде индикативдик баланс түзүп, чечим кабыл алат.

Кыргызстан, мисалы, быйыл 12-сентябрда 6 айлык мөөнөткө буудайды жана унду экспорттоого тыюу салган.

Орусиянын өкмөтү нормативдик актылар порталына быйыл 1-декабрдан тартып келерки жылдын 31-майына чейин катуу буудайды экспорттоого тыюу салуу боюнча токтом долбоорун жарыялады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG