Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Өзбекстанда мугалимдерди талаага чыгарууга тыюу салынды


Көрктөндүрүү иштерине тартылган өзбекстандык мугалимдер.
Көрктөндүрүү иштерине тартылган өзбекстандык мугалимдер.

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап эмгекке тартууга, алардан ишмердигине тиешеси жок отчетторду талап кылууга мыйзам менен тыюу салынды. Ошондой эле жазуу түрүндөгү макулдугу болбосо, ар кандай товарлар же кызматтар үчүн эмгек акысынан кармап калууга да болбойт.

Президент "Мугалимдердин макамы жөнүндө" мыйзамга 1-февралда кол койду. Документте vугалимдердин укук-милдеттери, колдоп-кубаттоо жана башка социалдык кепилдиктер камтылган.

Мыйзамга ылайык, мугалимдин кесиптик ишине кийлигишүүгө, ишин негизсиз текшерүүгө, окуучулардын билимин туура жана калыс баалоону талап кылуу максатында таасир көрсөтүүгө да тыюу салынат.

Ошондой эле соттолгондор, балдарды окутуу жөндөмүнө тоскоолдук кылган оорусу барлар, психиатриялык же наркологиялык мекемелерде каттоодо тургандар мугалим боло албайт.

Буга чейин Өзбекстанда мектептеги педагогдор айыл чарба иштерине, айрыкча пахта терүүгө, көрктөндүрүү жумуштарына чыгарылып, гезит-журналдарга мажбурлап жаздырылган. Эл аралык уюмдар, укук коргоочулар Ташкентти мугалимдердин укуктарын сыйлоого чакырып келген. Мурдагы президент Каримовдун тушунда күч алган бул адатты жоюу керектиги тууралуу азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев бир канча жолу сүйлөгөн. Бирок жергиликтүү бийликтерде мугалимдерди иштеткен учурлар токтобой келатканын социалдык түйун колдонуучулары жазып турушат. (SE)

XS
SM
MD
LG