Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

9-марттын аба ырайы


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 9-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жааашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG