22-23-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
23-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолордогу автоунаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23° болот.
Дагы караңыз
Facebook шеринеси