Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Бишкекте чет элдиктерди сабаган деген шек менен эки адам кармалды


Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт. Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши.
Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт. Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 18-майга караган түнү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чет элкөлүк жарандар жашаган жатаканага мыйзамсыз кирип, сабап, материалдык зыян келтирген деген шек менен эки киши кармалганын билдирди.

Бул факты боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.

Шектүүлөр Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Ушул тапта милиция кызматкерлери бул окуяга тиешеси бар адамдардын жүргөн жерин аныктап, аларды кармоо боюнча иш-чаралары жүргүзүүдө.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып пакистандык студенттер сабалган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин билдирген. Чүй менен 7-апрель көчөсүнө топтолгондор таңга жуук тарап кеткен.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун 18-майда гана маалымдаган. 20-майда бул тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынган. 21-майда дагы бир шектүү кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен козголгон иш боюнча Египеттин төрт жаранын кармап, алар кийин үй камагына чыкты.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы 18-майга караган түнү Аламүдүн айылынын Курманжан Датка көчөсүндөгү тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарын сабап, тоноп кеткен деген шек менен беш адам кармалганын 22-майда кабарлады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG