Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:41

“Ара төрөлгөн Амантурдун апасы абактан чыкты”


Иллюстрация үчүн колдонулду.
Иллюстрация үчүн колдонулду.

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.

"Адилеттик издейм" подкастына тогуз айлык ара төрөлгөн баласы оор абалда ооруканада жатканда жубайы “алдамчылыкка” шек саналып, тергөө абагына камалганына даттанган Оштун тургуну кайрылган. Ал оорукчан баласы менен тергөө абагында жаткан жубайын үй камагына чыгарып, адилеттүү сот жүргүзүүнү өлкө жетекчилигинен суранган.

22-майда Ош шаардык соту келинди тил кат менен бошотту. "Азаттыктын" подкасты обого чыккандан кийин Амантурдун апасы тергөө абагынан чыкты. Сот ага Бишкекке тогуз айлык уулун алып келип дарыланууга уруксат берди.

"Адилеттик издейт" подкасттын бул жерден угуңуз:
“Ымыркайыбыз өлүм алдында жатса апасын камашты”
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:51 0:00

Азиза Абдирасулова: Бүгүн бизге Ош шаарынын тургуну Толкун Кукчаев кайрылды. Саламатсызбы. Биздин подкастка келүүңүзгө эмне негиз болду?

Толкун Кукчаев: 5 баланын атасымын. Келинчегим ушул көйгөйлөргө туш болуп калды. Коммерция кылып жүргөн, өзүнүн эле бизнес өнөктөштөрү үстүнөн арыз жазышып, камалып калгандан кийинки адилетсиздик жөнүндө көбүрөөк айтып берейин деп жатам.

Азиза Абдирасулова: Азыр жубайыңыз камактабы?

Толкун Кукчаев: Ооба. 18-мартта соттун токтому чыккан. Ошол убактан бери 9 айлык балам менен камакта жатат.

Азиза Абдирасулова: Ошондо балаңыз качан төрөлгөн?

Толкун Кукчаев: Бишкек шаарында 2023-жылы 16-июлда тергөө убагында психологиялык басымдын айынан эрте төрөлүп калган. Негизи сентябрь айында төрөлүшү керек болчу. Ара төрөлгөндүгүнө байланыштуу кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Ошентип жүргөндө эле Ош шаарынан жубайымдын үстүнө арыз түшүп, тергөөчү 2-3 жолу чалган, жазган. “Ооруканадабыз. Бала ара төрөлүп калды. Кыйналып жатабыз”, - дегенине карабай, Ош шаарынын тергөөчүсү тарабынан иш козголуп, “келген жок” деп, издөө жарыялап салган. Биз аны билген эмеспиз.

Азиза Абдирасулова: Жубайыңыз дагы билген эмес?

Толкун Кукчаев: Эч кимимбиз билген эмеспиз. Бир күнү эле “качып кетет” деп аэропорттон “качып жаткан жеринен кармалды” деген видеону интернетке чыгарып салышты. Бизде эч кандай даярдык, ой дагы жок болчу. Бала менен алектенип, аны сактап калуу үчүн күрөшүп жүргөнбүз. Ал видеону интернеттен көрүп алып нес болдук.

Азиза Абдирасулова: Аялыңыз балаңыз менен кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан экен. Аэропортко кантип барып калдыңар?

Толкун Кукчаев: Келинчегиме үстүнөн арыз жазган өнөктөштөрү чалып, “аэропортко кел” дешиптир. Жаш балдардын кийимдердин тигишип, сатышып, алар менен жакшы эле иштешип жүргөн. Жубайым үстүнөн арыз түшкөнүн билген. Бирок издөөдө экенин билген эмес.

Азиза Абдирасулова: Анан эмне болду?

Толкун Кукчаев: Аэропорттон кармап, Ош шаарына алып барып, атайын кармоо жайына отургузуп коюшту.

Азиза Абдирасулова: Бала кайра жандандыруу бөлүмүндө калып калдыбы?

Толкун Кукчаев: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Балаңыздын төрөлгөндөгү ден соолугу жөнүндө айтсаңыз?

Толкун Кукчаев: Өз алдынча дем ала албайт болчу. Жасалма аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Тамак жей албай, алсыз болуп төрөлгөн. Биз баланы карап калдык. Ал эми келинчегимди 31-августта кармап, камап коюшту.

Азиза Абдирасулова: Баланы ким карады?

Толкун Кукчаев: Көбүнчө таенеси карады.

Азиза Абдирасулова: Жубайыңыз канча отурду?

Толкун Кукчаев: Беш жарым айдай отуруп калды. Аракет кылып, 18-январда үй камагына чыккан. Отуруп калган убакта канча медициналык маалымкаттарды көрсөтүп, “баланын өмүрү үчүн күрөшүп жатат, наристе эненин сүтүнө муктаж” деп, сотко канча жолу кайрылдык. Ошонусуна карабай, чыгарган жок. Сот кош көңүл мамиле кылып койду. Биз дагы күрөштүк. Дарыгерлерге ыраазычылык билдирем. Балама операция жасашты. Тилиң келбеген диагноздору бар эле. Ошого атайын аппараттарды коюшту. Бүгүнкү күндө мойнунда аппараттар турат. Ошону менен дем алат. Мурду аркылуу тамактанат. Ыйлаганы да билинбейт. Үнү чыкпагандыктан, дыкат карап туруш керек. Уктап калган дагы болбойт. Мойнундагы аппаратта какырык толуп калат экен. Ар саат сайын тазалап туруш керек. Болбосо дем ала албай калат.

Азиза Абдирасулова: Жубайыңыз экинчи жолу качан камакка алынды?

Толкун Кукчаев: 18-январда чыгарган. Кайра 2-3 айдан кийин 18 же 19-мартта камап коюшту.

Азиза Абдирасулова: Азыр балаңыз каякта? Абалы кандай?

Толкун Кукчаев: Иш боюнча дагы айта кетсем. Бишкек шаарында дагы, Ош шаарында дагы козголгон иш бар. Бишкек шаарындагы соттук ишине барганда, Ош шаарынан опер кызматкерлери келип, кармап алып кеткен. “Мен ооруканадамын” деп маалыматкат бергенине карабай, сот “2-3 жолу катышпай койду” деп кайра камап койду.

Азиза Абдирасулова: Бул жолкусунда бала менен чогуу камалдыбы?

Толкун Кукчаев: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Азыр эми кайсыл жерде?

Толкун Кукчаев: Соттун чечими менен Жалал-Абаддагы №53 аялдар тергөө абагына камап койгон. Тергөө абагындагылар баланын абалын көрүп, ал жакта керектүү шарттар жок болгондугуна байланыштуу ооруканага жаткырган. Балама керектүү аппараттарды чыгарып, дезинфекциялап, кайра салып туруш керек. Андай аппараттар Жалал-Абадда дагы, Ош шаарында дагы жок экен. Аны бизге Бишкектен балдар хосписи деп коёт, ошолор таап берген. Ал аппараттардын аттары дагы башкача болчу.

Азиза Абдирасулова: Азыр Жалал-Абаддабы?

Толкун Кукчаев: Он алтысы күнү Ошко которушту. Ага чейин адвокаттар аркылуу “бала кыйналып жатат” деп сотко өтүнүч бергенбиз. Сот ал өтүнүчтү дагы кайтарып койду.

Азиза Абдирасулова: Балаңызга өзгөчө кам көрүү, аппарат керек деп жатасыз. Андай нерселер Кыргызстанда бар экенби?

Толкун Кукчаев: Бишкек шаарында балдар хосписинде бар. Ошол жакта жаттык. Апасы тергөө абагында отурганда, хоспистегилер аппараттарын таап, жардам берип, камсыздап турушту. Ал кандай жолдор келерин менен деле билбейм. Бала кичинекей болуп төрөлгөндүгү үчүн өтө ичке, башкача шлангдар керек экен. Дарыканалардан тапкандарыбыз жоон болуп, жарабай, таңдайына, мурдуна салганга туура келбейт экен. Чет мамлекеттен алып келген шлангдар экен.

Азиза Абдирасулова: Түшүнгөнүм боюнча, бала Ошто деле жеткиликтүү жардам ала албай жаткан экен да?

Толкун Кукчаев: Жөн эле ооруканда көзөмөл астында жатат. Керектүү шлангдары жок. Мойнуна койгон аппаратты алмаштыра алышпайт. Аны дагы алмаштырып турбаса, ириңдеп кетет. Ушунун баарын сотко көрсөтсөк, сот кайра Оштогу тергөө абагына которуп койду.

Азиза Абдирасулова: Оштогу тергөө абагынын шарты Жала-Абаддагыдан дагы начар да?

Толкун Кукчаев: Кечээ жакында эле бүт стандарттарга жооп берет деп бүткөн Жалал-Абаддын тергөө абагы “бул баланы караганга бизде шарт жок” деп баш тартып, сотко кайрылган. Ошого карабай Оштогу тергөө абагына которду.

Азиза Абдирасулова: Такай ИВЛ аппарат керек болсо, сот Ош шаарынан Жалал-Абадга жөнөтүп жатса, жолдогу абал, шарт кандай болуп жатат? Медициналык жабдуулар менен жардам болуп жатабы? Же кадимкидей эле автозактар менен ташып жатышабы?

Толкун Кукчаев: Кадимкидей конвой ташыган унаалар менен эле. Балага эч кандай шарт жок.

Азиза Абдирасулова: Демек, баланын өмүрүнүн ар бир мүнөтү коркунучта экен да.

Толкун Кукчаев: Ооба, ошентип айтсак болот. ИИМдин, жазаларды аткаруу кызматкерлери тобокелчиликке алып, ташып жатышат. Алар дагы чыгарып эле койгусу келет. Бирок сот системасы ушундай болуп жатат. Сот процесстерине баланы көтөрүп алып катышат. Процесске атайын аппараттары менен киргенин сот дагы, прокурор дагы көрүп турат. Ошентсе дагы, соттун адилетсиздигине таң калып жатам. Адам өлтүрбөгөн. Акча маселеси, түшүнүксүздүк, “алдап кетти” болуп жатат. Ал жерде толук картина түзүлө элек. Жубайым деле “мынчасын алып, мынчаны бергем” деп жатат. Талаш жараткан суроолор көп. Чыгарып коюп деле териштирип, соттошсо болмок да.

Азиза Абдирасулова: Качмак эмес да, ээ?

Толкун Кукчаев: Качмак эмес. “Качып кетет” деп жок эле нерселерди айтып жатышат. Башында “Түркияга качып баратат” деп, интернетке видео чыгып кеткени менен, далилденген жок. Колунда паспорту дагы, билети дагы жок болчу. Эл аралык паспорту таптакыр жок. Качканы жатат деп, ызы-чуу болуп эле кармап кетишти. Бир тапшырык иши сыяктуу сезилип жатат.

Азиза Абдирасулова: Беш баланын атасымын дедиңиз. Кичүүңүз, тогуз айлык балаңызга өтө өкүнүчтүү. Угуп отуруп, жүрөгүм ооруп кетти. Башка балдарыңыз тууралуу айтсаңыз. Канча жашта? Кимдин колунда?

Толкун Кукчаев: Алар бүгүнкү күндө мени менен. 11, 9, 6, 4 жаштарда.

Азиза Абдирасулова: Алар дагы көзөмөлгө муктаж жапжаш балдар экен, кантип жатасыз? Материалдык жактан абалыңыз кандай? 3 маал тамагын бериш керек, кийиндириш керек дегендей.

Толкун Кукчаев: Акыркы күндөрү кыйнала баштадым. Келинчегимди чыгарам деп, эмнем болсо, баарын саттым.

Азиза Абдирасулова: Туруктуу үй-жайыңар барбы?

Толкун Кукчаев: Жок. Туугандардын үйүндө турабыз. Алар дагы жардам берип жатышат.

Азиза Абдирасулова: Жубайың чоң суммада карыз болуп калса, ошолордун чети үйүңөргө, турмуш тиричилигиңерге келиши керек эле да. Канчасын ашырды?

Толкун Кукчаев: Эң кызыгы ошондо. Үйдө чоң акча деле байкаган жокмун. Ишиндеги 20000-30000 сом тегерегиндеги жүгүртүүлөрүн (оборот) айтып калчу. Башынан эле бул ишине аралашкан эмесмин. Жаш балдардын кийимдери алып-сатып иштешчү. Менин деле жаман оюм болгон эмес.

Азиза Абдирасулова: Бир аз одоно суроо болуп калды окшойт. Кечирим сурайм. Ошондо кандай суммада “алдамчылыкка” шектелип жатат?

Толкун Кукчаев: Бул сумманын каяктан келип чыкканын дагы аягына чейин түшүнө албадым. 538 миң доллар жөнүндө сөз болуп жатат. Андан сырткары 3 адам жазган. Алардыкы 20000, 30000, 15000.

Азиза Абдирасулова: 600 миңден ашык сумма жөнүндө сөз болуп жаткан экен. Ушунчалык чоң суммага кантип карыз болуп калышы мүмкүн? Кантип байкабай калдың?

Толкун Кукчаев: Менин оюмча, айтылып жаткан сумма ал жерде жок. Бул жерде пайыздык туум болгон. Коммерцияда пайыз менен алып, берүүлөр бар го.

Азиза Абдирасулова: Аялыңдын бизнес өнөктөштөрү бар болчу да. Же сенин эле аялың ала бергенби? Карыздын баары аялыңдын мойнуна түшүп калып жатпайбы. Башка өнөктөштөрү жеке иштерин жүргүзүп жатышабы?

Толкун Кукчаев: Жеке иштери токтогон. Келинчегим жок ал иш болбойт эле. Анткени балдар товарлары менен өзү эле алектенген. Бизнес өнөктөштөрү ишке аралашпай эле, акча берип, колдоп турушкан. 538 миң сумманы жазган өнөктөшү мурунку аскердик прокуратуранын кызматкери, тергөөчү. Бизнес жүрүп жаткан учурда ошол кызматты ээлеп жүргөн.

Азиза Абдирасулова: Иликтей турган маселелер дагы бар экен. Тергөө бүтүп, сотко өтүп кетти да ээ?

Толкун Кукчаев: Ооба. Сот болсун, макул. Териштирсин, ага деле каршы эмесмин. Бирок өнөктөштөрү бар болуп жаткандан кийин, бирөөнү эле баласы менен кармап, кыйнап, психологиялык басым көрсөтүп, эптеп эле мойнуна илип коюу туура эмес да. Тең каралсын. Адилеттүүлүк эки тарапка тең болсун. Анан соттошсун. Сот дагы ушуну камсыздап берсе болмок. Камайт, кайра чыгарат. Менимче, бул кыйноо эле. Психологиялык, моралдык басым болуп жатат. Бала эне сүтүнөн ажырады. Баланын кыйналып жатканын көрүп туруп кайра камады. Бала жасалма тамак жейт. Медициналык жардамды жетиштүү ала албай жатат. Төрөлгөнүнөн бери тергөө абагы менен ооруканадан, кайра жандандыруу бөлүмүнөн чыккан жок. Ушул 3 жакта эле жүрөт.

Азиза Абдирасулова: Эмне сурайт элең? Кандай өтүнүчүң бар?

Толкун Кукчаев: Адилеттүүлүктү сурамакмын. Соттун ишине кийлигише албайбыз. Бирок сот дагы, прокурор дагы бала менен кыйналып турганын көрүп турат. Мен түшүнө албайм. Үй камагына чыгаруу дегендер бар да. Ошолорду колдонуп, териштирүү иштерин жүргүзө берсин. Ар ким өзүн коргогонго укугу бар да.

Азиза Абдирасулова: Бул жерде балдардын тагдыры аянычтуу.

Толкун Кукчаев: Ооба. Беш баланын тагдыры менен ойноп коюшту.

Азиза Абдирасулова: 6, 4 жашар балдарың апасы жок кантип атышат?

Толкун Кукчаев: Бала бакчага бара албай жатабыз. Үйдө эле отурушат. Улуу эки баламды мектепке киргиздим.

Азиза Абдирасулова: Мунун баары өтүп кетет. Жашоодо келген сыноо. Бала үчүн кайгы атага дагы, энеге дагы оор тиет. Урматтуу окурмандар, сиздер бул үй-бүлөнүн тагдырына, тогуз айлык Амантурдун өмүрүнө кайдыгер болбойсуздар деп ойлойм. Ара төрөлгөн кенедей бала, тогуз айдан бери өзүнүн өмүрү үчүн күрөшүп, жашап кеткенге аракет кылып жатканын угуп, зээним кейип турат. Ушул иш ачылып, сурак башталгандан бери адвокатыңар барбы?

Толкун Кукчаев: Адвокаттар менен аракет кылдым. Бул жерде такай артынан жүгүргөн адам болбой калды. Башында өтө катуу психологиялык басым болду. Тапшырык мүнөзү болуп калды дедим го. Баардыгы мага каршы болуп калгандай болду. Күрөшө албай калдым. Бир чети балам кайра жандандыруу бөлүмүндө болуп калды. 31-августта барып, 1-сентябрда камалып жатпайбы. Улуу эки балам мектептен калбасын деп, Ошто психологиялык басым болбосун деп, Бишкекке котордум. Ошентип, башында бул иштин артынан жакшы жүгүргөн адам болбой калды.

Азиза Абдирасулова: Тергөө убагында жактоочулары болдубу?

Толкун Кукчаев: Жактоочулар болуп жатты.

Азиза Абдирасулова: Бирок толук кандуу артынан жүгүрүп, изилдеп, өтүнүчтөрдү киргизген адвокат керек эле да.

Толкун Кукчаев: Башында түшүнүксүз эле болуп жатты да. Мен дагы байкабай, билбей калдым. Отурган жерибизден келип эле, “мынча сом карыз” дегенде, шок абалда болуп калдык. Түшкө кирбеген суммаларды уктум да. Нес болгондо, эч нерсе кыла албай калат экенсиң.

Азиза Абдирасулова: Кошумча дагы эмне айтайын дедиң эле?

Толкун Кукчаев: Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичке, башкы прокурор Курманкул Токтоналиевичке, коопсуздук кызматынын жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Кыдыршаевичке кыйрылуу жасайын дегем. Сот болсун. Болбосун дебейм. Акыйкат орносун. Бирок тең карап беришсе... Эптеп эле мойнуна илип коюу туура эмес болуп калат го дейм. Үй камагына чыгарып, баланы ооруканага жаткырып, дарылап, ден соолугун туруктуу абалга келтирип алып, соттошо беребиз. Акыйкат үчүн соттошобуз. Акыйкатты орнотуш керек. Акча табылат. Жашпыз, аман болсок, иштеп табабыз. Карыз болсок, төлөп беребиз. Карызы жок болсо, акыйкат карап берсе. Беш баланын тагдыры оор болуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG