Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:02

Казакстанда дарыянын жээги жуулган шаарда абал дале кооптуу экени кабарланды


Атырау.
Атырау.

Казакстанда Атырау облусунун Жалгансай айылынын чет жакасында Жайык дарыясында суунун деңгээли жогорулап, сел каптоо коркунучу дале сакталып турганын 23-майда аймактын өзгөчө кырдаалдар штабы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, айрым жерлерде суунун деңгээли төмөндөгөнү менен Атырау шаарынын ичинде жогору бойдон турат.

Бейшембиге караган түнү Жалгансайда дарыянын жээги жуулуп, жолдорду каптап, жергиликтүү 154 тургун, анын ичинде 96 бала эвакуацияланды. Сууну сордуруу иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, суу үйлөрдү каптаган жок.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG