Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Сот блогер Али Эргешевге 70 миң сом айып пул салды


Али Эргешев Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт. 13-февраль, 2024-жыл.
Али Эргешев Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт. 13-февраль, 2024-жыл.

Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча күнөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды. Мындай чечим 24-майда чыкканын “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Али Эргешевди 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан кармап, Жалал-Абадга алып кеткен. Мекеменин маалыматына ылайык, ал 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында иш козголуп, издөөдө жүргөн.

Жалал-Абад шаардык соту блогерди 15-февралда үй камагына чыгарган.

Али Эргешев Ютубдагы “Эл билсин” каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал Кыргызстандагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келет. Ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат.

Каналдын 135 миң катталуучусу бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG