Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду


“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү боло турганын белгиледи. Темир жол курулуп бүтсө Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин жаңы каттамдар ачыла турганын кошумчалады.

“Көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, биздин жалпы чечкиндүүлүгүбүздүн жана колдообуздун аркасында тараптар акыркы 2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алды. Алсак, үч тараптын биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Андан кийин биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишилди. Үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров 6-майда Ош облусуна барган учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталарын айткан.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланган. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG