Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

7-июнь: Бишкекте журналисттердин соту башталды, Кыргызстан Киев уюштурган саммитке катышпайт


Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева Ленин райондук сотунда. 7-июнь, 2024-жыл.
Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева Ленин райондук сотунда. 7-июнь, 2024-жыл.

7-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналистин соту башталды

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды. Отурум жабык өтүп жатат. “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Кийин жети киши ар кандай себептер менен эркиндикке чыккан. Милиция аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Журналисттер коюлган кинени четке кагып келет.

Кыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине барбайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстан Украинанын демилгеси менен Швейцарияда уюштурулуп жаткан Тынчтык саммитине катышпай турганын айтты. Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифингде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айткан. 15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Владимир Зеленский сунуштаган “тынчтык формуласын” жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган.

Москвада мигрант айдоочуга козголгон иши токтотулду

Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык такси айдоочусуна козголгон иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Аптанын башында Орусиянын Тергөө комитети Москвада Украинадагы согушка катышкан үч кишини машинасынан түшүрүп салган таксинин айдоочусуна каршы иш козгогону, айдоочу жек көрүүнү, кастыкты козутуу, адамдын ар-намысын кемсинтүү үчүн айыпталганы кабарланган.

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши токтотулду

Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды. Алар: “Дальний кардон”, “Смена”, “Белек”, “Золотые пески”, “Взморье сити”, “Асыл-Таш”, “Ой-Керемет”, “Золотой-Требас”, “Кооператор” пансионаттары жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борбору менен “Чолпон-Ата”, “Чалжанов” эс алуу жайлары. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул пансионаттардын кээ бири тазалоочу жайларды курууга киришти. Алар мыйзам бузууларды жойгондон кийин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даяр экенин далилдеген паспорт берет.

Орус армиясы Украинанын аймагына ракета жана дрон менен жапырт сокку урду

Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, 53 жанкечти-дрондун 48и абадан атып түшүрүлгөн. Андан тышкары орус армиясы соңку чабуулда беш канаттуу ракета колдонгон. Маалыматка караганда, алардын баары маанилүү инфратүзүмдөрдү бутага алууга багытталган. Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Руслан Кравченко билдиргендей, украин баш калаасында сиреналар төрт саат тынбай жаңырды. Ошол эле учурда Орусиянын аймагы да дрондордун кезектеги чабуулуна дуушар болду. Расмий Москва маалымдагандай, 7-июнга караган түнү аннексияланган Крым жана Белгород менен Ростов облустарында 28 дрон атып түшүрүлгөн.

Вашингтон Грузияда "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алууга тиешеси бар бийлик өкүлдөрүнө санкция салды

Алардын катарында парламент депутаттары жана өкмөт өкүлдөрү бар экенин Мамдепартаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирди. Чектөөлөр бир гана аткаминерлерге эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да киргизилди. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Грузиядагы демократияга жарака салууга жоопкер адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө америкалык виза берилбей турган айткан эле. Андан тышкары Вашингтон Тбилиси менен эки тараптуу алакасын кайра карап чыгары маалымдалган. Грузин өкмөтү миңдеген жарандын каршылыгына, Евробиримдик менен АКШнын эскертүүсүнө карабай "чет элдик агент" тууралуу талаштуу мыйзамды кабыл алды.

Кемероводо эки трамвай кагылышып, 140тан көп киши жабыркады

Кемероводогу кырсыкта 140тан ашуун киши жабыркады. Алардын ону бала. Бирөө каза болуп, төрт кишинин абалы оор экенин Орусиянын саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов билдирди. 6-июндун таңында болгон кырсыкка трамвайлардын биринин системаларынын туура эмес иштеши себеп болгону алдын ала кабарланды. Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, “Кемерово электротранспорттук компаниясынын” башчысы жана кызматкери камалганы маалым болду. Тергөөнүн версиясына караганда алар трамвай бузук экенин билип туруп каттамга чыгарышкан. Кемеровонун мэри Дмитрий Анисимовдун пикиринде калаадагы трамвайлар 40 жыл мурда чыгарылган.

Өзбек бийлиги “Алга, Каракалпакстан” кыймылын экстремисттик уюмдардын катарына кошту

“Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Виталий Пономарев 6-июнда билдиргендей, Өзбекстандын Жогорку соту мындай чечимди 22-февралда эле кабыл алган. Соттун өкүмү ачык эч жерде жарыяланган эмес. Оппозициялык кыймылдын социалдык тармактардагы баракчаларында да бул маалыматты ырастаган билдирүү жазылды. Укук коргоочулар соттун мындай чечими каракалпакстандык активисттерге каршы козголгон кылмыш иштердин көбөйүшүнө алып келерине тынчсызданышат. “Алга, Каракалпакстан” кыймылы 2008-жылы пайда болгон. Анын лидери Аман Сагидуллаев 2023-жылы Өзбекстанда сыртынан 18 жылга эркинен ажыратылган. Ага бир катар айыптар, анын ичинде президентти ачык каралоо боюнча кинелер тагылган. Өзү дооматтардын баарын четке кагып келет.

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет

Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган. Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Быйыл Орозо айт намазы коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду.

“Роскосмос” декабрда станцияга астронавттарды ташуу боюнча НАСА менен программасы 2025-жылга чейин узартылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG