Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Иран: Парламент спикери баштаган алты киши президенттике талапкер болуп бекитилди


Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Бакер Галибаф, 28-май, 2020-жыл
Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Бакер Галибаф, 28-май, 2020-жыл

Иран Конституциясынын сакчылар кеңеши парламенттин консервативдүү спикерин жана дагы беш жаранды 28-июнда өтчү президенттик шайлоого талапкер кылып бекитти. Ислам жумуриятынын президенти Эбрагим Раиси май айында авиакырсыкта көз жумган.

Парламенттин төрагасы, 62 жаштагы мурдагы аскер командири Мохаммад Бакер Галибаф шайлоодо ийгиликке жетет деп боолголоп турушат. Аналитиктердин пикиринде, өткөн аптада өлкөнүн руханий лидери аятолла Али Хаменеи Галибафты колдой турганын ишарат кылды.

Сакчылар корпусу талапкерлигин бекиткендер: депутат-реформатор Масуд Пезешкиан, мурда өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, Хаменеинин Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештеги өкүлү Саид Жалили, Тегерандын мэри Алиреза Закани, Раисинин консервативдүү орун басары Амир Хусейн Газизаде Хашими, мурдагы ички иштер жана юстиция министри Мустафа Пурмохаммади.

Сакчылар корпусу Ирандын экс-президенти, 2009-жылы жайынтыгы талаштуу шайлоодо жеңип бийликке келип, өлкөдөгү эркин көз карашты басмырлаган Махмуд Ахмадинежаддын талапкерлигин бекиткен жок.

Ошондой эле парламенттин экс-спикери Али Ларижани дагы талапкерликке каттала алган жок.

7-июнда иран бийлиги чукул мөөнөттө уюштурулуп жаткан шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда катаал эрежелерди киргизип, шайлоочулардын добуш берүүсүнө тоскоолдук кылчу же шайлоону бойкоттоого чакырган кандай гана маалымат болбосун тыюу салынарын эскертти.

Ошондой эле бийлик уруксат бербеген нааразылык акцияларын же нааразылык иш-чараларын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын жарыялады.

19-майда Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак Ирандын Азербайжан менен чек арасындагы кырсыкта каза болгон.

20-майда биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG