Жапаровдун Бээжин сапары, Мишустиндин талаштуу билдирүүсү
Президент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Кошуна жайгашкан Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорго аралашып, эки өлкөнүн ортосундагы соода алака 22 миллиард доллардан ашканы айтылып жатат. Ал тапта Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мушистин Кыргызстанды орус компанияларына негизсиз доомат артты деп сындап, билдирүүсүндө “опузалоо” деген сөздү да колдонду. Бул эки окуя Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги тема болуп турат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө тышкы саясаттагы соңку окуяларды талкуулайбыз.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
Шерине