Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Азербайжан орусиялык ашынган оңчулдардын "Царьград" интернет-каналын бөгөттөдү


Азербайжан орусиялык ашынган оңчулдардын "Царьград" интернет-каналын бөгөттөдү. Бул тууралуу Minval Politika телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Minval.az басылмасынын башкы редактору Эмил Мустафаевдин өлкөнүн Санарип жана транспорт министрлигине кайрылуусунан кийин кабыл алынды. Өз арызында ал телеканал Азербайжанга каршы жалган жана чагымчыл маалымат таратууда деп айыптаган.

“Бул кадам пропагандачыл ресурстардын ишмердигине өлкөдө бөгөт коюларын көргөзөт”, - деп айтылган Minval Politika басылмасынын билдирүүсүндө.

"Царьградды" 2015-жылы орусиялык православ олигарх Константин Малофеев негиздеген. 2020-жылы YouTube экспорттук мыйзамдарды бузганы үчүн каналды бөгөттөп салган. Орусия Украинага басып киргенден кийин "Царьград" АКШ, Еврошаркет, Британия жана Канаданын санкциялык тизмесине киргизилген.

Мындан 2 жыл мурун Казакстандын бийлиги сөз болгон каналды экстремизмдин пропагандасына айыптап бөгөттөгөн.

Малофеев өзү да Батыштын санкцияларына туш болгон. Өздөрүн «ДНР» деп атаган аймакты каржылаганы үчүн алты жылдан бери эл аралык издөөдө жүрөт.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG