Украиналык качкын Аонишики Жапониядагы эң жогорку деңгээлдеги сумо чемпионатын утту. Ал 23-ноябрда өткөн финалдык таймашта белгилүү сумочу Хошорюну жеңди.
Монголияда туулуп-өскөн Хошорю Жапониянын улуттук спортундагы эң күчтүү балбандардын бири катары саналат.
Аонишикинин өзүнүн аты Данило Явгушышин. Ал Украинадан үч жарым жыл мурун, Орусия кеңиши масштабдагы согуш ачкандан көп өтпөй чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
21 жаштагы Данило рингде Аонишики Арата деген ат менен күрөшөт.
Жапонияда башка улуттагы сумочулар ийгилик жараткан учурлар көп. Алардын арасында буга чейин монголдор, гавайилик балбандар болгон.
Аонишикинин айтымында, ал 2019-жылы эл аралык турнирде жапон сумочусу менен таанышкандан кийин Токиого барууну чечкен.
Шерине