Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

WSJ: Чалгын Украина Путиндин резиденциясына сокку урган эмес деген бүтүмгө келди


Валдай көлүнүн жанында жайгашкан 150 гектар жерде Путиндин мүлкү бар экенин маркум оппозиционер Алексей Навальный иликтеп чыккан. 2021-жылдын апрель айы.
Валдай көлүнүн жанында жайгашкан 150 гектар жерде Путиндин мүлкү бар экенин маркум оппозиционер Алексей Навальный иликтеп чыккан. 2021-жылдын апрель айы.

Wall Street Journal америкалык чалгын кызматтары Украина Орусиянын президенти Путиндин резиденциясына дрондор менен сокку урган эмес деген тыянакка келгенин жазды.

WSJ негизинен АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы ушундай бүтүм чыгарганын өз булактарына таянуу менен кабарлады. Маалыматта украин тарап Путинди же анын Валдайдагы резиденциясын бутага алууга аракет да көрбөгөнү айтылат.

Бул маалымат расмий тастыктала элек.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-декабрга караган түнү Украина дрондор менен орус президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына чабуул жасоого аракет кылганын жар салган. Ал чабуулдарга 91 дрон колдонулуп, алардын баарынын мизи кайтарылганын ишендиргенге аракет кылган.

Лавров расмий Москва тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын, бирок буга чейинки позициясын кайра карап чыгарын кошумчалаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремлдин украин дрондору орус президентинин резиденциясына "чабуул жасоого аракет кылды" деген маалыматын четке каккан. Ал муну “кезектеги калп” деп атап, орус бийлиги мындай жол менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болуп, Киевдеги өкмөттүк имараттарга чабуул жасоого шылтоо издеп атканын айтты.

Ал тапта орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин АКШ президенти менен дал ушул маселе боюнча телефондон сүйлөшкөнүн, Трамп соңку маалыматты угуп “абдан ачууланганын” маалымдады.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт X соцтармагы аркылуу Трамптын Путин менен сүйлөшкөнүн ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.

Резиденцияга чабуул тууралуу маалымат Зеленский менен Трамп Флоридада жолугуп, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтышкандан бир күн өтпөй чыккан.

Трамп жолугушуудан бир нече саат мурда Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн белгилеп, дээрлик төрт жылга созулган согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимин түзүүгө "мурдагыдан да жакындап калганын" айткан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG