Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:01

Трамп Венесуэланын президенти Мадуро кармалганын билдирди


Венесуэладагы жарылуулар. 3-январь, 2026-жыл.
Венесуэладагы жарылуулар. 3-январь, 2026-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэлага чабуул ийгиликтүү болгону тууралуу айтып, америкалыктар авторитардык президент Николас Мадурону кармап, өлкөдөн чыгарып кетишкенин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.

"Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага жана анын лидери, аялы менен чогуу кармалып, өлкөдөн чыгарылган Николас Мадурого ири масштабдуу чабуулун ийгиликтүү ишке ашыра алышты. Бул операция америкалык укук коргоо органдары менен чогуу жүргүзүлдү”, - деп жазды Трамп.

Ал АКШ убактысы менен саат 11:00де бул боюнча маалымат жыйыны болорун да эскерткен.

3-январга караган түндө Венесуэланын борбору Каракаста жана аскердик объекттер жайгашкан башка аймактарда жарылуулар болгон. Өлкө бийлиги АКШны аскердик агрессия үчүн айыптаган, Мадуро аскердик кырдаал киргизгени кабарланган.

Венесуэланын бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылган.

Аймактагы бир катар өлкөлөр – Колумбиянын президенти Густаво Петро жана Кубанын лидери Мигель Диас-Канель чабуулду сындашты.

Трамп буга чейин Мадуронун бийлигин легитимсиз деп атап, бул өлкөнү баңгизат сатууга айыптаган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG