Кыргызстандын Улуттук банкы акча алмаштыруучу жайлар үчүн жаңы эрежелерди бекитти.
Ага ылайык, акча алмаштыруучу жайлар ири көлөмдөгү же стандарттан тышкаркы валюта операциялары жүргүзүлгөн учурда кардарлардан тиешелүү документтерди талап кылууга, каражаттын булагын тактоого укуктуу. Жаңы талаптар чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү.
Аталган мекеменин маалыматында, бул чечим кирешелерди адалдоого жана башка финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү максатында кабыл алынган.
Бекитилген эрежелерге ылайык, алмаштыруу бюролору кардарларды идентификациялап, ири жана өзгөчө операцияларга тыкыр көңүл бурушу керек. Шектүү операциялар аныкталса, аларды убактылуу токтотуп, Улуттук банкка кабарлоого тийиш.
Акча алмаштыруу жайлары валюта операциялары тууралуу маалыматтарды кеминде беш жыл сактоого милдеттүү. Жаңы эрежелер 14-январдан тарта күчүнө кирет. (ST)
Шерине