Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

АКШ виза үчүн күрөө төлөнө турган өлкөлөрдүн тизмесине Түркмөнстанды да киргизди


АКШ администрациясы өлкөгө кирүү үчүн виза алууда жарандары 15 миң долларга чейин визалык күрөө төлөөгө милдеттүү мамлекеттердин тизмесин кеңейтти.

Жаңыланган тизмеге жети мамлекет: Бутан, Ботсвана, Борбордук Африка Республикасы, Гвинея, Гвинея-Бисау, Намибия жана Түркмөнстан кирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин travel.state.gov сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, бул өзгөртүү 1-январдан тартып күчүнө кирди.

Ушуну менен визалык күрөө талабы коюлган мамлекеттердин саны 13кө жетти. Алардын басымдуусу Африка өлкөлөрү.

Байкоочулардын пикиринде, жаңы эрежелер бул мамлекеттердин жарандары үчүн АКШга кирүүдө виза алуу жол-жобосун татаалдаштырат.

Визалык күрөөнүн суммасы 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин болушу мүмкүн. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул чара визалык режимди бузуу учурларын, анын ичинде уруксат берилген мөөнөттөн ашык аймагында калуу фактыларын азайтуу үчүн кабыл алынганын билдирүүдө.

Күрөөнү төлөө виза алууга кепилдик бербейт. Виза берилбей калган учурда аны алуу үчүн төлөнгөн сумма ээсине кайтарылат. Муну менен катар виза алуучу АКШда жүрүү жол-жоболорун так сактаганын далилдей алса да күрөө каражаты кайтарылат.

Өткөн жылдын август жана октябрь айларында визалык күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесине Мавритания, Сан-Томе жана Принсипи, Танзания, Гамбия, Малави, Замбия киргизилген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG