Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Орусияда бир нече мунай ишканасы дрон чабуулуна кабылды


Орусиянын Липецк облусунда дрон чабуулунан улам өнөр жай объектисинде өрт чыкты. Аймак башчысы Игорь Артамонов курмандыктар жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Артамонов кайсы объект жөнүндө кеп болуп жатканын тактаган жок.

Astra Telegram каналы күбөлөр тарткан видеолорду талдап, өрт Липецк облусунун Стрелецкие хутора айылында жайгашкан "Усман мунай базасында" чыккан деген жыйынтыкка келген.

Мунай базасына чабуул тууралуу украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары да жазып жатышат.

Astra'нын маалыматына ылайык, Пенза шаарында дрон, болжол менен, Шуист микрорайонунда жайгашкан №2 Жүк автотранспорт ишканасынын (ГАТП-2) аймагындагы объектке тийген.

ГАТП-2 аймагында ар түрдүү ишканалар ижарага алган имараттар жайгашкан. Басылма дрон алардын кайсынысына тийгенин аныктоо мүмкүн эместигин жазды.

Ленинград облусунда учкучсуз аппараттын сыныктары Бережки айылынын жанына, компрессордук станциянын аймагына түшкөн. Облус губернатору Александр Дрозденконун айтымында, жабыркагандар жок.

Брянск облусунда, аймак башчысы Александр Богомаз билдиргендей, жеңил автоунаа менен "Мираторг" агроөнөржай холдингине таандык тоют ташуучу автоунаага урулган соккудан эки айдоочу жараат алган.

Astra окурмандарына таянып жазгандай, жарылуулар Ярославлдагы Нефтестрой районунда да угулган. Ал жерде мунай иштетүү заводу жана мунай базасы жайгашкан.

Башкырстандын Стерлитамак шаарында, мунай-химия заводу (АО "СНХЗ") жайгашкан аймакта да жарылуулар угулган.

Тверь облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Виталий Королев дрон сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин терезелерине тийгенин билдирип, натыйжада бир адам каза болуп, дагы экөө жабыркаганын айткан. Кийинчерээк ал өрттүн себебин "үйдөгү газдын жарылышына" байланыштырган.

"Башында бул окуяны дрондун кулашынан болду деп кабыл алышкан, анткени ошол учурда аймакта чабуулду кайтаруу боюнча чаралар көрүлүп жаткан", - деп жазган Королев. Анын айтымында, түн ичинде аймактын үстүнөн жалпысынан алты учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги 6-январга караган түнү 129 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG