Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Нетаньяху Путинден Иранга чабуул болбосун айттырды


Биньямин Нетаньяху жана Владимир Путин Кремлде, Москва, 2019-жыл.
Биньямин Нетаньяху жана Владимир Путин Кремлде, Москва, 2019-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путинден Израилдин Иранга кол салуу ниети жоктугун Тегеранга жеткирүүнү суранды. Бул тууралуу Израилдин Kan телеканалы дипломатиялык булактарга таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, соңку кезде Израил менен Ирандын алакасы чыңалып турганда Путин менен Нетаньяху телефондон бир канча жолу сүйлөшкөн. Kan каналынын билдирүүсүндө "Нетаньяху Путинден Иранды ишендирүүнү суранды: “Биз аларга кол салбайбыз”, - деп айтылат.

Кремл эки лидер телефондон сүйлөшкөнүн 15-ноябрда кабарлаган. Анда Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу, Ирандын өзөктүк программасы жана Сириядагы кырдаал талкууланган. Мындан бир ай мурда Путин Орусия Израилден Иран менен каршылашууга кызыкдар эместиги тууралуу билдирүүлөрдү алып жатканын билдирген.

Kan белгилегендей, Нетаньяху Тегеран Израилдин аймагына чабуул коюшу мүмкүн деп кооптонууда. Анын Москва аркылуу жөнөткөн билдирүүсү дал ушундай сценарийди алдын алууга багытталган.

5-январда парламентте сүйлөп жатып Израилдин премьер-министри Иран тараптан жасала турган ар кандай чабуул "олуттуу кесепеттерге" алып келерин эскертти. Иран маселеси боюнча Израилдин позициясы АКШ президенти Дональд Трамптын көз карашына дал келерин билдирди. "Иранга баллистикалык ракеталарды өндүрүүнү кайра жандандырууга да, албетте, өзөктүк программасын кайра баштоого да жол бербейбиз", - деди Нетаньяху.

Өз кезегинде Владимир Путин Ирандын өзөктүк технологияларды тынчтык максатта пайдаланууга укугу бар экенин белгилеп, Москва бул багытта колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айткан. Муну менен катар 2025-жылдын жай айларындагы АКШнын Иранга соккуларын негизсиз агрессия деп атаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG