Өзбекстандын Бухара облусуна караштуу Каган шаарынын кылмыш иштерин караган соту Орусиянын армиясында Украинага каршы согушкан 29 жаштагы адамды үч жыл алты айга эркинен ажыратты.
Бул тууралуу сот чечиминин тексти менен таанышкан Gazeta.uz басылмасы кабарлады.
Өкүм 9-декабрда жарыяланган. Айыпталуучу Ш.И. 2013-жылдан тартып Орусияга сезондук жумуштарга барып турган. 2023-жылы орус жарандыгын, 2024-жылы бул өлкөнүн аскердик билетин алган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2025-жылдын май айында Магаданда Орусиянын Коргоо министрлиги менен бир жылдык келишим түзүп, согуштук аракеттерге катышууга макул болгон.
Сотто айыпталуучу полиция кармагандан кийин келишимге айласыз кол койгонун билдирген. Өзүнүн айтымында, ага жазасын өтөө же аскерге баруу сунушталган.
Келишим түзүлгөндөн кийин Ш.И. Хабаровск шаарына жөнөтүлүп, эки жума аскердик даярдыктан өткөн. Андан кийин Украинанын Запорожье облусуна жиберилген. 2025-жылдын 21-июнунда ракеталык сокку урулганда жараат алып, ооруканага жаткырылган. Дарылангандан кийин октябрь айында Кыргызстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга кайтып келген.
Тергөө учурунда айыпталуучунун жанынан келишимдик төлөмдөр, дарыланууга берилген каражаттар жана банк картасы табылган. Анын уюлдук телефонунан Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик формасын кийген, курал кармаган жана жараат алгандан кийинки сүрөттөрү табылган.
Басылманын маалыматына ылайык, Ш.И. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, согушка барганына өкүнгөнүн билдирген. Ал буга чейин соттолбогонун жана үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин айткан.
Сот аны Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (жалданмачылык) жана ушул эле беренедеги чет мамлекетте аскердик кызмат өтөө айыбы менен күнөөлүү деп тапкан. Жазаларды жарым-жартылай кошуу менен 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Украинанын "Жашагым келет" долбоорунун маалыматында, 2025-жылдын ноябрына карата Орусиянын куралдуу күчтөрүнө Борбор Азиядан 7,5 миңден ашуун адам кошулган, алардын болжол менен 1,5 миңи каза болгон.
Шерине