Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу Ошто журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал өзү Камчыбек Ташиевдин досу жана анын кадры экенин билдирип, Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы “ажырагыс достор” экенин жана акыркы окуялар тууралуу кенен маалыматы жоктугун кошумчалады. УКМКнын мурдагы жетекчиси менен байланышканын жана эгер президент чечим кабыл алса кызматтан кетүүгө даяр экенин белгиледи.
“Ден соолугу жакшы экен. Анын (ред: Камчыбек Ташиевдин) жүрөгүндө беш стент бар да. Ошонун бири жылып кетиптир. “Президенттен Германияга 10-15 күнгө барып стентти ордуна койдуруп келейин деп уруксат сурап кеткем” дейт. “Эң өкүнүчтүүсү өздүк курам менен коштошо албай калдым” деген таарынычын айтты го. Бул эми эки достун өздөрүнүн мамилеси. Менин пикиримде эми өздүк курам менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилсе керек. Эми аны өздөрү билет да. Мага Ош шаарын оңдо дедиңер, оңдоп атабыз. Биз президенттин чечимине макулбуз. Азыр кетесиң десе мен арыз жазып кеткенге даярмын”, - деди ал.
Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. Ал Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. Ошко мэр болуп баргандан бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу сыяктуу иштери менен коомчулукта талкуу жараткан.
Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантат
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди”, - деп билдирген Бердикожоев.
Мунун алдында социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев атайын кызматты башкарып турганда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, кызматтан кеткенден кийин анын коопсуздугуна камтамачылык билдиргендер болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирди.
Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост чыгарып, Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазды. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгиледи.
“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазды.
Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айтты.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан. Ал 11-февралда Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка жеткирилди.
Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев парламенттин 11-февралдагы жыйынында президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди жумуштан алганы боюнча айтып чыкты. Ал 2006-жылдары “Ата-Журт” партиясы түзүлгөнүн, анын негиздөөчүлөрү Жапаров менен Ташиев болгонун эске салды.
Депутаттын пикиринде, бул тандем өлкөдөгү экономиканын өнүгүшүндө, чек ара маселелеринин чечилишинде маанилүү ролду ойноду.
"Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүүдө. Жумушта же биз да жакындарыбыз менен кээде түшүнбөй калган учурлар болот. Ошол үчүн мен эки досумду чакырат элем... Баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз. Алдыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту, экөө тең журт дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ошол үчүн парламент – биз дагы ушул күндөрү бөлүнбөй, ынтымакта туруп койсок, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот деп ишенем”, - деди Кыдыралиев.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.
Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.
Ташиев 11-февралдын таңында мындай чечим тууралуу үн катып, бул өтө күтүүсүз болгонун жана президенттин чечимин аткарууга милдеттүү экенин белгиледи.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.
Шерине